7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атадагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

201

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл аймагында жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.

Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 га, колдонууга жарактуу аянты 1094 кв.м болгон бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

202