7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нооруз-2025. Улуттук майрамга арналган иш-чаралар

432

Бишкекте 21-март, Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар белгиленет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Быйылкы жылы Т. Усубалиев атындагы аянтта саат 10:00дөн 19:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана конокторун кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган жаркын жана жакшы эмоцияга бай иш-чаралар күтөт.

Иш-чаралар «Кел, куттуу Ноорузум» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат.

Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулардын баары орнотулган “Ордо (Кыргыз айылы)” боз үйлөрүнө баруу менен кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.

 

433