Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда колдоо тапты.
Алсак, жыйында президент тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору; Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору каралды.
Мыйзам долбоорлорун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырды.
Талкуу маалында депутат Миргүл Темирбаева Максат айылындагы тилкелер жана Баткен облусунун Арка айылындагы насостук станция боюнча бир катар маселелерди тактады. Ал эми эл өкүлү Камила Талиева Баткен облусунун Катта-Туз участкасындагы мунай скважиналары боюнча суроолорду узатты. Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Катта-Туз жеринин 600 гектарынын 450 гектары кыргыз тарапка өткөнүн билдирди.
Депутат Исхак Масалиев «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын теңме-тең бөлүү тууралуу сөз кылып, талаш-тартыш улана бербейби деген маселени тактады. УКМКнын төрагасы эч кандай талаш-тартыш болбой турганын белгилеп, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын үч шлюзу 1,5дан тең бөлүнгөнүн ырастады. Муну менен катар депутат Айгүл Айдарова Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Тескей тилкеси боюнча маселени тактады. Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон чек арачыларды сыйлоону сунуштаса, депутат Эмиль Токтошев бир катар унаа жолдорун пайдалануу маселесин көтөрүп, Кулунду-Максат жолуна өзгөчө көңүл бурду.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында макулдашууга киргизилген Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимдин долбоору жактырылды.






