7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасына жаңы кызматтык унаалар берилди

352

Бүгүн, шаар мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» ишканасына Chevrolet Cobalt маркасындагы беш жаңы кызматтык унааны тапшырды.

Жаңы унаалар «Бишкек шаардык транспорт» МИнин чарбалык ишмердүүлүгүнүн эсебинен сатылып алынып, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Кызматтык унаалар атайын техникалык жабдуулар менен камсыздалып, коомдук транспорттун жол кыймылын оперативдүү жана сапаттуу көзөмөлдөөгө, ошондой эле коомдук транспорттун кыймылын жөнгө салууга жана шаар жолдорунда коопсуздукту камсыздоого жардам берет.

«Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана борбор калаадагы коомдук транспортко көзөмөлдү жакшыртуу иштерин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

353