7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Стамбул багыты боюнча жаңы авиакаттам ишке кирди

191

25-марттан тарта «AnadoluJet» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жаңы авиакаттамын ачат. Бул каттам күн сайын эртең мененки убакта аткарылат.

«AnadoluJet» — бул Түркиянын эң ири авиакомпаниясы Turkish Airlines’тин туунду компаниясы болгон аз бюджеттүү лоукостери. Компания 2008-жылы жеткиликтүү авиакызматтарды сунуштоо максатында негизделген, ошол эле учурда коопсуздуктун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыздап келет.

«AnadoluJet» Түркиянын ичиндеги жана эл аралык багыттагы бюджеттик каттамдарга басым жасап, жүргүнчүлөрүнө заманбап учактарда ыңгайлуу жана арзан каттамдарды сунуштайт.

Стамбул менен Бишкектин ортосунда жаңы каттамдын ишке кириши-«AnadoluJet» компаниясынын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүүдөгү маанилүү кадамы болуп саналат.

Күн сайын каттамдардын аткарылышы жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү жакшыртып, аларга атаандаштыкка жөндөмдүү баалар менен учууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин авиакомпания Анкара-Бишкек багыты боюнча авиакаттамын ийгиликтүү ишке киргизип, жүргүнчүлөр арасында суроо-талапка ээ болуу менен популярдуулукка жетишкен.

192