7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооз ачар, оюн-зоок… Кыргызстан-Катар беттешине кызуу даярдык көрүлүүдө

192

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 25-мартта Катардын улуттук курамасы менен беттешет.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өтүп, оюн саат 19:45те башталат.

Ал эми этно программанын башталышы 18:00. Учурда оюн талаа ирээтке келтирилип, отургучтар тазаланып, оюнга карата кызуу даярдык көрүлүүдө.

Орозо кармаган күйөрмандарга акысыз ооз ачар уюштурулууда. Ушул тапта бир нече казандарда тамак даярдалып жатат. Муну менен катар намаз окугандар үчүн атайын намаз окуучу жай даярдалууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

193