Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамалары беттешип жатышат.
1-таймдын 45-мүнөтүндө Кыргыз курамасы эсеп санды ачып, күйөрмандарын сүйүнттү. Калыстар бул таймга 2 мүнөт кошуп беришкен. Бирок кошуп берилген убакытта эсеп сандар өзгөргөн жок.