Дагы бир гол! Бул ирет топту атаандаштардын дарбазасына Александр Мищенко киргизди.
Эсеп 2:1. Экинчи таймдын башталышында Катар эсепти 1:1 кылып теңеген. Андан кийин «Акшумкарлар» дагы бир топ менен эсепти 2:1 кылып кыргызстандыктарды кубантты.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамаларынын беттешип жатышат.