Кыргызстан алгачкы ирэт Азиянын учурдагы чемпиону Катарды жеңди.
Оюн Кыргызстандын пайдасына 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Алгачкы топту атаандаштардын дарбазасына Валерий Кичин, экинчисин Аленсандр Мищенко киргизди. Соңунда Алимардон Шукуровдун тобу жеңишти толук камсыздады.
Футболдук беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында болду.