7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы кеңешме өткөрдү

487

Бүгүн Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары жана Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кызматкерлери арасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

УКМКдан билдиргендей, жыйынга коргоо мекемелеринин башкаруу органдарынын жетекчилиги, ошондой эле борбордук баш ийүүдөгү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

УКМК кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле 2024-жылдагы коргоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.

488