Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сактоо жана таратуу, ошондой эле жаза аткаруу мекемелерине ыргытуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Шектүү катары 20 жаштагы жаран кармалып, тинтүү учурунда жанынан өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат табылган. Ал эми, жашаган дарегин тинтүү учурунда скотчко оролгон 2 даана баштык табылып, өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат алынган. Жалпы салмагы 3 килограмм 84 граммды түзөт.
Ошондой эле, учкучсуз учуучу аппараттар табылган, шектүү жаран аларды Жаза аткаруу мекемелеринин аймагына баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз буюмдарды ыргытууга колдонгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram