7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кызматтан четтетилген тергөөчү дагы бир кылмыш жасады

205

Мурда Бишкек ШИИБ тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында терс негиздер боюнча кызматтан убактылуу четтетилген, ички иштер органдарынын өздүк курамынын карамагында болгон, Свердлов ИИБнин мурдагы тергөөчүсү акча каражатын алгандан кийин кармалды.

Милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н. жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында Ш.А. аттуу жаранга кылмыш ишин тергеп жатканын айтып, кылмыш жоопкерчиликке тартам деп коркуткандыгы аныкталган. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн жарандан 2500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

20-мартта «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен козголгон кылмыштын алкагында акча каражатынын бир бөлүгүн 165 000 сомду электрондук капчыкка которуудан кийин ал пара менен кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тергөөчүгө карата Бишкек ШИИБ тарабынан «Документтерди жасалмалоо, Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Бирок, ал өзүнө тыянак чыгарып, дагы бир кылмышка барган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Кармалган тергөөчү Мыйзамдын катаалдыгы боюнча эч кандай жеңилдик берилбестен жоопко тартылат.

 

 

206