7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан эки электробус алынып келинди

362

Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электробустар айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорго ылайык, борбор калаадагы эки троллейбус автобазасында 2025-жылдын июнь айында келе турган электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Реконструкцияга заманбап электр заряддоочу каражаттарды орнотуу жана автобазаны электробустардын эффективдүү иштөөсүнө ылайыкташтыруу камтылган.

Электробустарды киргизүү долбоору Бишкек шаарынын экологиялык жактан таза коомдук транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

363