7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусундагы мыйзамсыз менчиктештирилген ипподром мамлекетке кайтарылды

413

УКМК прокуратура органдары менен биргеликте текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Москва районундагы 27,4 га жер тилкедеги мүлк комплекси, анын ичинде эки аткана, чөпкана, кеңсе, трибунага жана эки кампага ээ болгон ипподромду мамлекетке кайтарды.

Мыйзамсыз менчиктештирилгенге чейин бул объект асыл тукум жылкыларды таптоо жана идентификациялоо үчүн сыноочу ипподром катары колдонулуп, маданий-социалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү жай болгон. Мындан тышкары ипподромду жеке адамдар алгандан кийин алардын айрымдары аталган жер тилкени бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 28-мартында аталган ипподром Чүй облусунун Москва районунун Нарзан айылынын балансына кайтарылды.

414