7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Ата шаарындагы №44- мекеменин жетекчиси кармалды

350

УКМК тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44-түзөтүү мекеменин башчысы А.Т.А. кармалды.

Улуттук коопсуздук органдары А.Т.А. бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганын аныктады.

Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында А.Т.А. жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган.

Кармалган адамга карата чогултулган далилдердин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы чыкты.
Учурда тергөө иштери уланууда.

351