7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолукту

327

Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушууга Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Баарлашууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болду.

Ошондой эле аймактагы беш өлкөнүн келечеги бири-бирине толук көз каранды экени айтылып, андыктан өнүгүүгө багытталган керектүү мыйзамдарды кабыл алууда депутаттардын тажрыйба алмашуусу зарыл экени кошумчаланды.

Муну менен катар Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда өткөн Парламенттер аралык бирликтин жыйындарын колдоого алып, катышканы үчүн парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

328