7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаранды сабап, видеого тарткан шектүүлөр кармалды

331

Ошто 36 жаштагы жаранды шаар четине алып барып, ур-токмокко алышкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

12-мартта саат 22:30 чамасында Ош шаарындагы Улук-Ата кафесинин алдынан Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургунун белгисиз жарандар уруп, эркине каршы Матиз 2 үлгүсүндөгү унаага салышып, белгисиз жерге алып барышып, сабап салышкан. Өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин видеого тартып алышкан.

Бул факты боюнча 3-апрель күнү Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тарабынан адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2 жаран кармалган. Ушул эле күнү Ош облусунун Араван районунундагы шектүүлөрдүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, 1999-жылы туулган жаранжын үйүнөн тиешелүү документи жок ок атуучу курал табылган.

332