7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адамдын организмине керектүү витаминдер

153

Витамин – бул адамдын ден соолугу үчүн абдан маанилүү болгон органикалык зат. Алар организмде энергия катары колдонулбайт, бирок ар түрдүү процесстерге (зат алмашуу, иммунитет, өсүү, көз көрүүсү ж.б.) катышат жана организмдин туура иштеши үчүн аз өлчөмдө болсо да абдан керек. Витамин – бул организмдин ден соолугун сактап, туура иштешин камсыздаган табигый зат.

Витаминдерди организм көпчүлүк учурда өз алдынча чыгара албайт, ошондуктан аларды тамак-аш аркылуу алуу зарыл. Ар бир витаминдин өз милдети бар, жана алардын жетишсиздиги ар кандай ооруларга алып келиши мүмкүн.
Витамин B тобу (B1, B2, B3, B5, B6, B7, B9, B12) – энергия өндүрүү, нерв системасы, кан түзүү жана метаболизм үчүн маанилүү.
В витамини- эт, балык, жумуртка, дан азыктары, буурчактарда бар.
Витамин B тобунун жетишсиздиги
B1- булчуңдардын алсыздыгы, жүрөк көйгөйлөрү
B2- теринин жаралары, ооздо жаралар, көздүн кызарышы
B3- пеллагра оорусу (тери көйгөйлөрү, эс-тутум начарлоосу, диарея)
B6- депрессия, баш айлануу
B9- анемия (кан аздык), боюнда бар аялдарда түйүлдүктүн кемтиктери
B12: оор анемия (пернициоздук анемия), кол-буттун карышуусу, эс-тутум начарлоосуна алып келет.
Витамин C – иммунитетти бекемдейт, терини жана сөөктөрдү чыңдайт, антиоксидант болуп иштейт.
С витамини- лимон, апельсин, киви, кызыл калемпир, капуста да бар.
Витамин C жетишсиздиги:
Скурви оорусу (сөөк оорусу, тиштин түшүүсү, жаралардын жай айыгуусу), иммунитеттин начарлашы, тиш эттеринен кан агууга алып келет.

Витамин D – кальцийдин сиңүүсүнө жардам берет, сөөк жана тиштерди чыңдайт.
D витамини- күн нуру, балык майы, жумуртканын сарысында бар.
Витамин D жетишсиздиги:
Балдарда рахит (итий оорусу) (сөөктүн туура өсүүсүнүн бузулушу), чоңдордо остеомаляция же остеопороз (сөөктүн морт болушу, сынуулар), булчуң алсыздыгына алып келет.
Витамин E – клеткаларды коргойт, тери жана жүрөк үчүн пайдалуу.
Е витамини- өсүмдүк майларда, жаңгак, жашылчаларда бар.
Витамин Е жетишсиздиги:
Булчуң жана нерв системасынын бузулушу, көздүн көйгөйлөрү (көрүүнүн начарлашы), иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.

Витамин K – кандын уюшуна жана сөөктөрдүн бекемделишине жардам берет.
К витамини- жашыл жалбырактуу жашылчалар (шпинат, брокколи), авокадодо бар.
Витамин K жетишсиздиги:
жаралардан кандын көп кетиши, мурундан кан агышы, көгөргөн тактардын бат пайда болушуна алып келет.
Витамин A – көздүн көрүүсүн, тери менен иммундук системаны жакшыртат.
А витамини- сабиз, сүт, жумуртка, жашыл жалбырактуу жашылчаларда бар.
Витамин A жетишсиздиги:
Түн ичинде көрбөй калуу (түнкү сокурлук), теринин кургап кетиши, иммунитеттин төмөндөшү, балдарда өсүштүн жайлашына алып келет.

Ден соолук – бул байлык. Аманат катары берилген бул байлыкты сактоо – ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан витаминге бай тамактанып, өз ден соолугуңузга кам көрүңүз, урматтуу окурманым!

154