7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бабанов убада кылган 100 млн. сомду бюджетке которду

658

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрелге карата депозиттик эсептен 727 млн. 219 миң сом Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган 100 миң сомго чейин насыя алган адамдардын карызын жабууга жумшалды. 5-апрелдеги маалымат боюнча бул эсепте 1 млрд. 43 млн. 395 миң сом бар.

Белгилей кетсек, буга чейин 24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.

Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659