7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы 24-январда өтүшү мүмкүн

311

Өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Ал президенттик шайлоону мындан ары январдын аягында өткөрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Азыркы мыйзамга ылайык, добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүп келет. Бирок сунуш кабыл алынса кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы январдын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлмөкчү.

Жыйынтыгында комитеттин депутаттары мыйзам долбоорун дароо үч окуудан колдоп беришти.

312