7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш тескөөчүлөр айдоочуларга жол эрежелерин эскертишти

328

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында өлкө башчысынын койгон тапшырмасына ылайык, буга чейин ИИМдин ардагерлери, дин кызматкерлери менен айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми бүгүн, 73-мектебинен жаш тескөөчүлөр айдоочуларга жеринен сурамжылоо иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын башталышында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнө ЖКККББнын кызматкерлери коопсуздук багытында нускама өткөрүшүп, андан кийин биргеликте айдоочуларды токтотуп, күнүмдүк жолдо кездешкен жол эрежелерин сурашты. Билбеген айдоочуларга жеринде эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан даярдалган жол кыймылынын эрежелерин камтыган китептер таратылды.

 

 

 

329