7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атадагы асыл тукум тоок заводу мамлекетке кайтарылды

289

«Ысык-Ата асыл тукум тоок заводу» мамлекетке кайтарылды. Бул боюнча маалыматты айыл чарба министрлиги таратты.

Билдирүүгө ылайык, 1980-жылы негизделген ишкана 2002-жылы «Алтын-Канат» ААК болуп өзгөртүлгөн. 2007-жылдан бери акционерлердин үлүшүндө болгон жай быйыл кайрадан мамлекеттин менчигине алынып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өттү.

Ишкана союз мезгилинде тоок эти, жумуртка менен өлкөнү толугу менен камсыздап, тоок жүнүн жана башка тиешелүү өндүрүмдөрдү чыгарган ири заводдордун катарында болгон.

290