7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө чек арачы өзүн бутка атып алды

379
Чүй облусундагы чек ара кызматкери кокусунан өзүн бутка атып алды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Окуя 14-апрель күнү «Ойронду» чек ара заставасында болгон. Табелдик куралдан кокустан чыккан ок жоокердин сол бутунун согончогуна тийген. Жаракат алгандыгына байланыштуу чек арачы ооруканага жаткырылды. Абалы азыр канааттандырарлык деп бааланууда.
Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы териштирүү баштап, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
380