7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдер менен дарыгерлерге ипотекалык үйлөрдү кезексиз берүү сунушталды

243

Депутаты Элдар Абакиров парламенттин жыйынында мугалимдер менен дарыгерлерден мамлекеттик ипотека аркылуу кезексиз же өзүнчө кезек менен үй алуу боюнча суранычтар келип жаткандыгын билдирди.

Эл өкүлү Мамлекеттик ипотекалык компанияга мугалимдер менен дарыгерлерди өзгөчө кезек менен кароо сунушун берди.

“Биз билим берүүнү биринчи орунга коюп, мугалимдерди колдоого алышыбыз керек. Кыргызстан боюнча орто айлык 40 миң деп белгиленсе, мугалимдердин айлыгы 26 миң деп жатышат. Финансы министрлиги быйыл айлыкты көтөрүү каралбай тургандыгын билдирди. Бирок, ошол эле көптөгөн мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы төмөн болгондуктан үйлөрү да жок. Үй алайын деп Мамлекеттик ипотекалык компанияга узак кезектерге туруп жатышат.

Өткөн жумада билим берүү жана илим министри отчет берип жатып, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 6 миң 300гө жакын мугалим башталгыч класстарга жетишсиз экендигин айтты. Бул маселени чечүү үчүн студенттерди, окуу жайды жаңы бүткөн жаштарды мугалимдикке кабыл алганы турушат”,- деди Абакиров.

Кыргызстандын келечеги бул адамдык ресурс болгондуктан билим берүү, мектеп маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

244