7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин 147 жылдыгы белгиленет

489

Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата 26-27-апрелде иммерсивдик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул күндөрү «Ала-Тоо» аянтында саат 13:00дөн 22:00гө чейин салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү күнү бою кубанткан жаштардын флешмобдору өтүп, шаар тургундарын кызыктуу саякатка алып барат.

Жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарына майрамдык шаң тартуулайт.

Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D мэппинг шоу келген конокторго унутулгус таасир калтырат.

490