7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Telegram’да онлайн казино уюштурган шектүү кармалды

332

Онлайн казинонун мыйзамсыз иши бөгөттөлүп, 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Telegram мессенджериндеги «xCoin.KG» бот-каналынын ээси өлкө аймагында онлайн казино ишин жүргүзүүгө лицензиясы жок 1-Xbet букмекердик конторасынан Кыргызстандын банктык карталары аркылуу коюмдарды кабыл алууну, акча каражаттарын толуктоону жана чыгарууну жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу менен кылмыш козгоду.

Натыйжада xCoin.KG бот-каналдын ээси 20 жаштагы жаран жана аны менен тең эки оператор аныкталган. Бот каналдын ээси кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

333