7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

305

Алай райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 20 батирлүү жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.  Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, район акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Облус жетекчиси жатакананын ички шарттары менен таанышып, ак халатчандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктады. Ал бул демилге жаш дарыгерлерди аймакка тартууга жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

1977-жылы курулган бул имарат мурда оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары кызмат кылып келген. 2021-жылдан тарта колдонууга жараксыз болуп калгандыктан, аны заманбап жатаканага айлантуу чечими кабыл алынган. Оңдоп-түзөө иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 6 млн 660 миң сом, ал эми Алай ЖДПБнын бюджетинен да кошум каражат бөлүнүп, жалпы 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.

Жатаканада:

  • 1 бөлмөлүү 12 батир;
  • 2 бөлмөлүү 4 батир;
  • 3 бөлмөлүү 3 батир;
  • 1 балдар ойноочу бөлмө;
  • 4 санитардык бөлмө;
  • 2 тамактануучу бөлмө бар.
306