7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы менен жолукту

306

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, расмий сапар менен келген Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар стратегиялык кызматташтыкты, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону, ар кыл багыттагы эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчы боордош Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдаланылбаган зор потенциал бар экенин баса белгиледи.

Нуман Куртулмуш жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын айтып, боордош элге терең урмат-сый билдирди.

Ал түрк тараптын ар кыл чөйрөлөрдө эки жактуу кызматташууну, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда жигердүү катышууга даярдыгын ырастады.

307