7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектепте математика сабагы көбүрөөк өтүлө баштайт

464

«Алтын Казык» билим берүү реформасынын алкагында өлкөдөгү мектептерде математика сабагын окутууга бөлүнгөн сааттардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери боюнча акыркы улуттук изилдөө балдардын 62 пайызы базалык функционалдык математикалык сабаттуулукка ээ эмес экенин көрсөткөн.

«Бул дисциплинаны окутуу үчүн дагы бир саат кошобуз. Анткени, заманбап дүйнөдөгү атаандаштык экономика, рыноктун ылдам трансформациясы жана климаттын өзгөрүү шарттарында математикасыз жана так илимдерсиз бала да, Кыргызстан да ийгиликке жете албайт», — деп түшүндүрдү министр.

Кендирбаева 12 жылдык окутууга өтүүнүн биринчи этабында мугалимдердин жүгү бир аз өзгөрөрүн айтты. Ал эми окуу пландарындагы олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу жакында айтылаарын министр кошумчалады.

465