Кыргызстандын, Өзбекстандын Биринчи айымдары Мажар музыкасынын үйүндө болушту
215
Кыргызстандын, Өзбекстандын Биринчи айымдары Мажарстандын премьер-министринин жубайы Анико Леваинин чакыруусу менен бүгүн, 21-майда Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүндө болушту.
Мажар музыкасы үйү – Будапешт шаарындагы интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбор. Туруктуу көргөзмө конокторду европалык жана мажар музыкасынын түптөлүшүнөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, анын ичинде интерактивдүү жана мультимедиялык элементтер менен тааныштырат.
Көргөзмөнүн уникалдуу элементи болуп Саякбай Каралаевдин аткаруусунда «Манас» эпосунан үзүндү аткарылган бөлүгү саналат (көргөзмөнүн авторлорунун идеясы боюнча кыргыз фольклору мажар фольклордук музыкасынын калыптанышында чоң роль ойногон).
Биринчи айымдын Мажар музыкасы үйүнө барышы Садыр Жапаровдун Мажарстанда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуусунун алкагында болду.