23-май, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас жеринде +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +31…+33 градуска көтөрүлөт.