7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

189

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.

Самидин Атабаев 1973-жылы Өзгөндө туулган. Ал Кыргызстанда жана Россияда диний жана юридикалык билим алып, ар кайсы диний мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Буга чейин Бишкек, Ош, Ысык-Көл казылыктарын жетектеген. Араб, түрк жана орус тилдерин билет.

Буга чейин Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган.

190