2024-2025-окуу жылында республика боюнча 11-классты жалпы 80 мин, 348 бүтүрүүчү аяктайт.
Алардын кайсы кесиптин ээси болору али белгисиз. Кээ бир жаштар кайсы кесиптин ээси болорун мурдатан эле тандап коюшкан. Ал эми, кээ бирлери билим албай эле, чет өлкөгө чыгып кетүүгө кызыкдар. Айрымдары болсо «Кайсы тармакта окуйм, кайсы кесипти тандайм?», — деп убара.
Албетте, күн сайын өзгөрүп жаткан заманда талапка ылайык кесип тандоого терең маани берүү зарыл. Себеби, алган билимиң-эртенки келечегиң. Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, санариптештирүү доорунда IT адистерине суроо-талап жогору бойдон калууда. ІТ тармагы менен бирге жасалма интеллект дагы өнүгүп жатат. Эки тармакты бирдей алып кетүү азыркы учурдун талабы.
Ошондой эле, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу темир жол тармагында адистер керек. Адистерди даярдоо учун,биздин окуу жайлар Кытайдын окуу жайлары менен иш алып барат.
«Туризм тармагында, айрыкча ‘Үч чоку» лыжа базасынын курулушу менен, инструкторлор жана тейлөө кызматкерлери талап кылынат.
Ошондой эле, 12 жылдык билим беруу системасына өтүүгө байланыштуу квалификациялуу мугалимдерге суроо-талап өсүүдө. Жеңил өнөр жай жана кайра иштетүү тармактарында да жумушчу күчүнө муктаждык бар. Жаштар арасында креативдүү индустриялар, дизайн, ІТ, архитектура, менеджмент, режиссура, PR жана маркетинг сыяктуу багыттар популярдуу.
- Эмгек рыногунда мугалимдер, медицина кызматкерлери, менеджерлер, юристтер жана инженерлерге суроо-талап жогору. Ар бир кесип урматтоого татыктуу. Башкысы — чындап кызыктуу багытты тандап, чыныгы адис болууга аракет кылуу.
Учурдун суроо-талабындагы кесиптерге төмөнкүлөр кирет:
- Креативдуу индустрия, дизайн (дизайнер-иллюстратор, кийим дизайнери, графикалык дизайнер);
- IT тармагы (КТБ адиси, изилдөөчү-иштеп чыгуучу);
- Архитектура;
- Менеджмент;
- Режиссура;
- PR жана маркетинг (маркетолог, PR-менеджер);
- Тигүү тармагы;
- Медицина;
- Юриспруденция (юрист, адвокат);
- Кулинария;
- Каржы (финансист, аудитор);
- Психология;
- Педагогика.
Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткул Мукамбетова белгилегендей, 2025-жылдын 1-май айына карата 8 мин 844 жумушчу орун эмгек рыногунда суроо-талапка ээ.
Бош орундар төмөнкү кесиптер боюнча көрсөтүлөт:
- Мугалимдер (мектепке чейинки билим берүү жана окуу жайлар) — 553;
- Саламаттык сактоонун кызматкерлери (дарыгерлер, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) — 693;
- Менеджерлер — 50;
- Социалдык кызматкерлер — 30;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар — 393;
- Юристтер — 19;
- Экономисттер — 351;
- Психологдор — 15;
- Инженер — 39;
- Жумушчу кесиптер боюнча — 6 миң 650:
- Компьютердик адистер (оператор, программисттер )- 135;
- Өнөр жай тармагы — 339;
- Соода агенттери (кассир, азык-түлүк сатуучулар) — 461;
- Тигүүчүлөр — 1 301;
- Курулуш тармагындагы кызматкерлер — 1 219; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)
- Айдоочулар — 962;
- Кызмат көрсөтүү тармагында — 1 310 (чач тарач, тырмак мастери, официант, косметолог, кароолчу, курьер, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары).
Ар бир кесипти ардактоо — бул коомдун ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуу. Ошондуктан, ар бир кесипти сыйлоо, анын маанилүүлүгүн түшүнүү жана ар тараптан колдоо көрсөтүү зарыл.