7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыдагы ит тиштеп жүргөн наристенин апасы бир айдан бери табыла элек

788

10-мартта Аксы районунун Кум айылында, эки үйдүн ортосундагы сарайга  наристенин жансыз денесин белгисиз жарандар таштап кеткен.

Анын колун күчүк тиштеп жүргөн жеринен айылдын тургуну байкап калып, милиция чакырган. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

10у (март) күнү эрте менен 9дарда көрдүм. Эки күчүгүм бар эле, бирөө жаш баланын колун тиштеп келип калды. Иттен ажыратып алып, издеп барып коңшумун үйүнүн жанындагы сарайдын чуңкурунан таптык. Эч нерсеге орогон эмес, пакет деле жок, бети кан болуп, бир колу жок наристе жатыптыр”-дейт атын атагысы келбеген айыл тургуну.

Алар башка коңшуларды чакырып, айыл башчы менен милицияга да кабар беришкен.

Ошол күндөн бери, наристенин апасы же аны таштап кеткендер такталбай келет.

Жалал-Абад олбустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы, иликтөө даагы деле уланып жаткан менен эч нерсе тактала электигин айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789