7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп районунда милиция кызматкери пара менен кармалды

264

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Түп милициясынын улук опер кызматкери, милициянын улук лейтенанты Б.А.Н. алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишини боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы менен коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жыйынтыгында, аталган милиционер 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

УКМК аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталганын билдирди.

Тергөөнүн жыйынтыгында ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген.

265