7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде «Кожо-Кайыр» каналы пайдаланууга берилди

167

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан «Кожо-Кайыр» ирригациялык каналынын курулуш иштери толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.

«Кожо-Кайыр» каналы 1965-жылы курулуп, көп жылдан бери аймактагы айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздап келет. Суу системасы сууну Исфайрам-Сай дарыясынан алып, башкы суу алуучу курулма аркылуу секундуна 9 м³ өлчөмүндө агып өтөт. Бул канал аркылуу жалпы 6300 гектарга жакын сугат жер, жана 4600дөн ашык фермер, үч Суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) тейленет.

«Кожо-Кайыр» каналынын жаңыланган түрдө пайдаланууга берилиши Кадамжай районунун агрардык секторунун суу менен камсыздалышын кыйла жакшыртат, суу жоготууларды азайтып, суу тартыштыгы шартындагы айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Нурлан Жумаев.

168