7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан киши кармалды

318

Бишкекте чырдаша кеткен айдоочуну тапанча менен коркуткан киши кармалганын УКМК кабарлады.

23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар чырдаша кетишкен. Бири травматикалык тапанчасын алып жаңжалдашкан кишилерди өлтүрөм деп коркуткан.

Милиция аны ошол эле жерден кармап, текшерүү учурунда жанынан башкача жыттанган ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.

Кылмыш иши козголуп, күч органдары анын үйүн тинткенде жашаган жеринен эки мылтык, жарым автоматтык ок атуучу курал жана ок-дары табылган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

319