7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Корея беттешет

345

Бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында өтөт. Кыргызстандыктар бул оюнду Бишкек убактысы боюнча 00:15те (6-июнга караган түнү) көрө алышат. Ошондой эле беттеш Ала-Тоо аянтына коюлган чоң экрандан акысыз көрсөтүлөт.

Ала-Тоо аянтында футболду түз алып берүүнүн алкагында фан-зона уюштурулат. Анда балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, футбол клубдарынын жана мектептеринин жарманкеси, интерактивдүү зоналар жана оюндар уюштурулат. Башталышы – 19:00дө.

Белгилей кетсек, бул тандоо турунда алты командадан үч топко бөлүнгөн 18 команда беттешет. Ар бир топтон эки мыкты команда дүйнө чемионатына тандалып алынат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду алган командалар төртүнчү раундга өтүп, ал жерден дагы эки команда дүйнөлүк биринчиликке катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

10-июнда кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттары менен беттешет.

346