7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лос-Анжелестеги башаламандык боюнча кыргызстандыктарга эскертүү

415

Американын Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан башаламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырат.

Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштады:
— баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;
— эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;
— митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна төмөнкү «ыкчам байланыш» телефондору аркылуу дароо кайрылууну өтүнөбүз: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.

416