Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Казакстанга иш сапарынын алкагында Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Иш-чарага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия менен Кытайды кылымдардан бери келе жаткан тарыхый, соода жана маданий алакалар байланыштырып турганын белгиледи. Ал биргелешкен аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоодо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотууда жана өнүктүрүүдө эбегейсиз жол басып өтүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров акыркы эки жылда бул формат практикалык мазмунга, жаңы демилгелерге жана багыттарга толгонун баса көрсөттү.
“Биз бүгүнкү жолугушуубуздун форматын биринчи кезекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө байланыштарыбызды бекемдөөгө жаңы дем берүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз”, — деп Мамлекет башчысы канааттануу менен баса белгиледи.
Президент Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн алты негизги багытын белгиледи: транспорттук жана транзиттик байланыш, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрү.
Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Тынчтык коңшуң менен кандай жашаганыңдан башталат. Жүрөгүңдө сый-урмат болсо, чек ара жок болот.
Бөтөн кайгы, бөтөн кырсык болбойт. Биз кокусунан эмес, тарыхый жана руханий зарылчылыктан жанаша жашап жатабыз” деген сөзүн келтирди.