7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз тасмасы Шанхай кинофестивалында баш байгени жеңди

400
Кыргызстандын «Кара. Кызыл. Сары» көркөм тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынан «Эң мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кабарлады.
Толук метраждуу фильм «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Режиссёру Актан Арым Кубат. Тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн. Ал эми сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылган.
Тасмада кыргыздын, анын ичинде каармандын килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган.
XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалы 13-июндан 22-июнга чейин Шанхай шаарында өттү. Анда 71 өлкөдөн 400дөн ашык фильм көрсөтүлгөн.
401