7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Минск шаарында ЖЕЭКтин жыйынына катышты

224

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Бирликке мүчө-мамлекеттердин ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 трлн АКШ долларынан ашканы белгиленди.

Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү 29 пайызга, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 25 пайызга, ал эми өз ара соода 2 эседен ашык өстү.

10 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын реалдуу ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өстү. Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү 54 пайызга, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 30 пайызга өстү.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары жалпысынан күн тартибиндеги 14 маселени карашты.

Бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «IV Чоң» протоколуна кол коюлду, анда Келишимди укуктук колдонуу тажрыйбасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу боюнча түзөтүүлөр камтылган.

Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимдерине кол коюлду.

225