7-июль, дүйшөмбүдө, тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык райондордо күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температуарсы Чүйдө +31…+36, Талас жергесинде +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл калаасында +24…+29, Нарын өрөөнүндө +27…+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +36…+38 градуска чейин көтөрүлөт.