7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын мурдагы кызматкери кармалды

21

Бишкек шаарында алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери кармалды.

Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехи аныкталып, анда Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын, жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Алар Кыргызстандын аймагында тиешелүү уруксаат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөнү аныкталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, имараттын ижарачысы өзүн улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга – эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн жаап-жашыруу үчүн олуттуу суммадагы акча каражатын өткөрүп берген.

Аталган жарандын чындыгында УКМКга эч кандай тиешеси жок экендиги, мурдараак аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан, ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн.

Ишкер менен жалган кызматкердин ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк, аталган жалган кызматкер убадаларын толук аткарбай, баардашуудан баш тарткан.

2-июль күнү шектүү Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

22