7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

373

Бүгүн, 8-июлда, Душанбе шаарындагы “Улут сарайынын” аянтында президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Улут сарайында” Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү.

Мамлекет башчылары өз ара саламдашкан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду. Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын урматына өзгөчө салтанаттуу саламдашуу жана сый көрсөтүү иретинде гимндер аткарылып жатканда 21 артиллериялык ок атылды.

Андан соң лидерлер ардактуу кароолдун катарын кыдырып өтүштү, мындан кийин мамлекет башчыларына тараптардын делегациялары тааныштырылды.

Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер сүрөткө түшүү аземи үчүн «Улут сарайынын» фойесине өтүштү, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

 

374