Ташиев Ош шаарынын мэрине автоунаа белек кыларын айтты
10
Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге президенттин атынан жакшы иштегени үчүн автоунаа белек кыларын айтты.
УКМК төрагасы шаарда жасалган иштер, өзгөрүүлөр менен таанышып, мэрдин жакшы иштеп жатканына ыраазы болгон.
«Бизде беш жаңы машина бар. Ошонун бирөөсүн мэрге белек кылалы. Азыр алып келип, жууп-тазалап лента байлап койгула. Эртең чогулушка алып келгиле. «Мэрге жакшы иштегени үчүн президенттин атынан автоунаа белек кылып жатабыз» деп элдин, жетекчилердин көзүнчө айтайын», — деп УКМК төрагасы кол алындагыларга тапшырма берген.