7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

21

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысына сүйлөшүүлөрдүн алдында парламенттин жаңы имараты тааныштырылды, андан ал соң ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Рустами Эмомали Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын Башчысынын сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду ачарын баса белгиледи.

Бул сапар эки мамлекеттин достукту, ынак коңшулукту жана туруктуу өнөктөштүктү чыңдоого болгон бекем умтулуусун жогорку деңгээлде күбөлөндүрүп турат.

Рустам Эмомали тажик тарап парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле парламенттик комитеттер менен достук топторунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан Тажикстан менен парламенттер аралык диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин жана бул багытты мамлекеттер аралык алакалардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын белгиледи.

Буга байланыштуу Президент кыргыз-тажик кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү жана мазмундуу толуктоо боюнча координацияланган иштерде парламенттердин ролу абдан маанилүү экенин баса көрсөттү.

«Кыргыз тарап эки мамлекеттин тынчтыкта, коопсуздукта жана туруктуулукта өнүгүшүнө багытталган шарттарды тажик тарап менен биргеликте түзүүгө толук чечкиндүүлүктү карманат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн жана элдин бакубаттуулугу үчүн парламенттер аралык гана эмес, мамлекеттер аралык өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жакшы негиз болоруна ишеним билдирди.

22