7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Файзали Идизода менен жолукту

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтыкты чыңдоо, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Файзали Идизода Мамлекет башчысын тосуп алып,эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Ал Кыргызстанга ЖККУга төрагалык кылуу мезгилинде ийгиликтерди каалап, өлкөнүн аймактык процесстердеги активдүү ролун белгиледи. Ошондой эле ал Өкүлдөр палатасында парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана экитараптуу кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшө турган Кыргыз Республикасы менен жаңы достук депутаттык топ түзүлгөндүгүн маалымдады.

Садыр Жапаров өз кезегинде Тажикстан менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын
тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин ырастады.

Мамлекет башчысы парламенттердин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү контекстинде тиешелүү комитеттердин жана достук депутаттык топторунун катышуусунда эки тараптуу парламенттер аралык механизмди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Белгиленгендей, мындай өз ара аракеттенүү форматы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык деңгээлдегиконструктивдүү диалогго кошумча түрткү бере алат. Мындан тышкары, ал эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы маданий жана диаспоралык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишеним жана сый-урматка негизделген мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

10