7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки үй-бүлөгө жаңы турак жайдын ачкычтары тапшырылды (ФОТО)

35

Көк-Жаңгак шаарында өрт кырсыгынан жабыркагандар президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан үйлүү болушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.

Эки үй-бүлөгө бардык шарты менен заманбап турак жай курууга 10 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү тургундардын жана аксакалдардын катышуусунда үйдүн ачтыктарын тапшырды.

Буга чейин жабырлануучулар мамлекет башчы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан. Өлкө жетекчилеринин тапшырмасы жана каржылоосу менен Ош шаарынын мэри маселени жеринен көрүп, жаңы үйдүн курулушу башталган.

Долбоордо бардык коопсуздук талаптары эске алынып, эки үйдүн чатыры эки башка болуп салынды. 6 сотых тилкедеги 2 турак жай бирдей типте курулуп, короосу көрктөндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, көп балалуу 2 үй-бүлө буга чейин бир чатырдын астында жашашып, Советтер союзу учурунда курулган жыгач үйлөрдө күн кечиришкен. Мындан улам бир үйдөн чыккан тилсиз жоо экинчи үйдү заматта жалмап, 2024-жылдын 20-октябрында үйсүз калышкан болчу.

36