Чүй облусунун Кегети жайлоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмү, марена дамбасынын туруктуулугу изилденип, андан агып чыккан суунун ченемин тактоо иштери жүргүзүлдү.
Изилдөөнүн жыйынтыгында көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган.
Ага карабастан алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен суусу азайтылды. Ошондой эле, Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугу айтылды.
Көл-Төргө баруу үчүн Кегети капчыгайын аралап өтүү керек. Ал Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан.